Редакцияот 08.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А. МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

 

2023-жылдын 8-февралы  № 14-3

А.Мирмахмудов атындагы  айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты  жана тартипти сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, 2001-жылдын 13-ноябрындагы  № 89 “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 “Айлана –чөйрөнү коргоо жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6- сентябрындагы ПЖ № 305  “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын аткарууга алуу жана А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынында   санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иш-чараларды эффективдүү уюштуруу максатында, А.Мирмахмудов  айылдык кеңеши,

                                                          ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндөгү” ПЖ №305 Жарлыгын аткарууга алуу максатында, А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын ар бир айылдарындагы көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча  типтүү  Жобосу  бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү Жобого негиз иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Нурматовго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Жаштар спорт, туризм, энергетика, экология жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына   жүктөтүлсүн.

 

            Төраганын м.а:                                                                      А.Ашиева

А.Мирмахмудов  атындагы айылдык кеңештин 2023-жылдын 8-февралындагы 7-чакырылышынын  №14-3 токтомуна №1 тиркеме

 

 А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн   жана айылдарындагы  көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча   бекитилген  типтүү эрежелер

 

§1. Жалпы жобо

1.         Айыл өкмөтүнүн  жана айылдарда көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, '‘Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкар уу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президеитинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

2.         Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн   айыл  аймактарын   тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.

3.         Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ушул эрежелерде белгиленген көрктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат.

4.         Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү аныктайт.

§2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

5.        Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

Абонент- тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн же түзүүгөмилдеттүү жеке же юридикалык жак;

Калктуу конуштун сырткы келбетин көрктөндүрүү -калктуу конуштун айланасында калктын жашоосу жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому;

КТТК чыгаруу - атайын автотранспортторго ташып жүктөө, таштанды жайларын жана аларга кире бериш жерлерди төгүлгөн таштандылардан тазалоо, андан ары катуу калдыктарды чогултуучу жайлардан жок кылуу жайларына ташып жеткирүү;

Газон- жасалма жол менен түзүлгөн чөп каптаган жер тилкеси түрүндө жашылдандыруу элементи;

Бекитилген аймак - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарасында же пайдалануусунда имараттар, үй чарбалары, курулуштар жана башка объекттер жайгашкан аймак;

Жашылдандырылган жерлер - жасалма түрүндө жана табигый өсүп чыккан бак-дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрү;

Ири көлөмдүү таштандылар - керектөөдөн чыккан жана көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташууга мүмкүн болбогонүй тиричилик жана чарбалык иштердин калдыктары (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.);

Контейнер аянтчасы - өндүрүштүн жана үй тиричиликте керектелген буюмдардын калдыктарын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо үчүн керектүү сандагы контейнерлер орнотулуп, атайын жабдылган аянт;

Таштанды- ар кандай калдыктар, анын ичинде катуу турмуш- тиричилик калдыктары, ири көлөмдүү калдыктар, керектөө жана өндүрүш калдыктары;

Уруксат берилбеген жерге ташталган таштандылар - чектелген аянтта көлөмү 30 куб метрден ашык юридикалык же жеке жактардын ишинин жүрүшүндө пайда болгон катуу турмуш-тиричилик калдыктары, көлөмдүү таштандыларды, өндүрүш жана курулуш калдыктарын, башка калдыктарды туш келген жерге (уруксатсыз) таштоо (жерге салуу) же сактоо.

Парк- эс алууга жана көнүл ачуучу оюн-зоок өткөрүүгө арналган жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак;

Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү  (Кызмат көрсөтүүчү) _ катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу,ташып чыгаруу, жок кылуу жана калктуу конуштун аймагын санитардык тазалоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн юридикалык же жеке жак.

Курчап турган айланадагы аймак - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарага алынган же пайдаланылган жер тилкесинин, имараттын, чарбалык курулуштун жана башка объекттердин чек араларына периметри боюнча тикелей чектеш, ижара укугунан бошотулган муниципалдык аймак;

Коомдук келишим (ушул Эрежелер үчүн) " кызмат көрсөтүүчү менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим, анда кызмат көрсөтүүчү ага кайрылган ар бир адамга карата аткарууга милдеттүү кызматтарды көрсөтүүчүнүн милдеттери белгиленген;

Коомдук сунуш/оферта (ушул Эрежелер үчүн) - кызмат көрсөтүүчүнүн сунушу, андан сунуш киргизген кызмат көрсөтүүчүнун сунушта көрсөтүлгөн шарттарда келишим түзүү эрки байкалат;

Аймакты санитардык жактан тазалоо - аймакты тазалоо, көчөдөгү таштандыларды, калдыктарды чогултуу;

Көчөдөгү таштандылар - жолдордо, тротуарларда, эс алуучу сейил бактарда жана башка коомдук жайларда пайда болгон таштандылардын түрү (көчөташтандылары), алар грунт, кум-таш, топурак, табигый өсүүчү бак дарктардын материалдары (жыгачтар, өсүмдүктөрдүн калдыктары), кагаз, картон, полиэтилен, айнек, чүпүрөк, металл жана башка материалдардан турат.