А. МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 8-февралы № 14-4
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин“Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура, курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо» боюнча комиссиясынын 2023-жылдын 2-февралындагы №3 отурумунда каралган маселеге макулдук берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн экономикалык өсүп-өнүгүүсүнө, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча булактарды көбөйтүү максатында 2022-жылдын 19-январындагы А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги V сессиясынын № 5-2 токтому менен А.Мирмахудов атындагы айыл аймагындагы Арал айылына мал базар куруу үчүн Арал айылынын четинде жайгашкан, жайыт жерлердин тизмесине кирген, максаттуулугу боюнча пайдаланууга ыңгайсыз болгон жалпы аянты 3,0га жайыт жерин «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер» категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилген. Активистердин райондук мал базарынын курулушу көздөлүп жаткан жерге шарт түзүү үчүн жасалуучу жумушун тоскоолдуксуз жүргүзүү максатында берген сунушун караган, А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура, курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо» боюнча комиссиясынын 2023-жылдын 2-февралындагы отурумунун протоколуна таянып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде А.Мирмахмудов айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура, курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо» боюнча комиссиясынын 2023-жылдын 2-февралындагы отурумунун №3 протоколун бекитип берүү үчүн макулдук берилсин .
2. Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 20-беренесинин талаптары аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы М.Нурматовго жана турак жай жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси К.Араповдорго тапшырылсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
Төраганын м.а: |
| А.Ашиева |