Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы, №13/6
“Мады айыл аймагынын Социализм айылынын Өжөр участкасындагы, Кыргыз-Чек, Социализм айылдарындагы жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” жобонун талаптарына жана Мады айыл өкмөт башчысынын 2026-жылдын 22-январь №15 сандуу билдирүү катынын жана айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Базиевдин маалыматын Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылынын Өжөр участкасындагы 3,64 га
кайрак айдоо жайыт жер аянты, Кыргыз-Чек айылындагы №316-А контурунда жайгашкан 1,0 га сугат айдоо жер аянты, Социализм айылындагы №934 контурунда жайгашкан 6,5 га жайыт жер аянттарына өндүрүштүк ишкана куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которуу макулдук берилсин.
2. Мады айыл өкмөтүнүн башчысына тиешелүү иш кагаздарын даярдоого
тийиштүү мыйзам талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин
“Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология, жаратылышты коргоо жана муниципалдык менчик, жеке менчик мүлк, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал” боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |