Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы, №13/9
“Каарман айылындагы №40 Бектемир Азизов атындагы жалпы билим берүү мектеп мекемесине спорт комплекс курууга макулдук берүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн Каарман айылында жайгашкан №40 Бектемир Азизов атындагы жалпы билим берүү мектеп мекемесине спорт комплексин куруу боюнча Каарман айылынын депутаты Каримов Абузардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн Каарман айылында жайгашкан №40 Бектемир Азизов атындагы жалпы билим берүү мектеп мекемесине спорт комплексин курууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |