Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-июлу № 01-7/38
Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү үчүн келишим түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамына “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрь №715 токтомуна ылайык, Сары-Өзөн айыл аймагында калкты каттоо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү үчүн келишимин түзүү максатында Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сары-Өзөн айыл аймагында калкты каттоо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү үчүн түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана тийешелүү иш кагаздарын (келишим) “Кызмат” мамлекеттик мекемесине жөнөтүү жагы Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| С.Б. Бекмырзаев |