Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын 11 кезектеги сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 11/65
Күндүзгү жөнгө салуу бассейнин Гавриловка айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 5- жана 19-беренелерин жетекчиликке алып, Гавриловка айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, жайыт маселелери жана ички ирригациялык системалары боюнча жетектөөчү адиси М.М.Кашаповдун Гавриловка айыл өкмөтүнүн балансына күнүмдүк жөнгө салуучу бассейн үчүн колдонулган айыл чарба багытындагы жер тилкесин Гавриловка айыл өкмөтүнүн баллансына кабыл алыш керектиги боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 4,4 га көлөмүндөгү күндүзгү жөнгө салуу бассейни үчүн колдонулган айыл чарба багытындагы жер тилкеси Гавриловка айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Мүлк муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрине киргизилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.У.Картанбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Б. Нааматов |