Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын 11 кезектүү сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 11/66
Гавриловка айылынын маданият үйүнүн имаратын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын Гавриловка айылынын клубунун имаратын Гавриловка айыл өкмөтүнүн балансына акысыз өткөрүп берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5, 19-беренелерин жетекчиликке алып, Гавриловка айылдык кеңеши, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айылынын, Фрунзе көчөсү 113 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1 098,4 кв.м болгон клубдун имараты жана аянты 5 135,0 кв.м жер тилкеси муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
2. Имарат иш жүзүндө карап чыгылсын, анын техникалык абалы жана комплекттүүлүгүн текшерүү камсыз кылынсын.
3. Мүлк муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрине киргизилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Аскарбек уулу Насирге жүктөлсүн
Төрага | Ы.Б. Нааматов |