Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын 11 кезектүү сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 11/67
Ваучер кызматын алуучу балдардын тамак-ашына акча каражатын бөлүү жөнүндө "
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтомунун негизинде, ошондой эле 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алуу менен Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын-орун басары Ж.У.Самарбекованын баяндамасын угуп, айыл аймактан ваучер кызматын алуучу балдардын тамак-ашына акча каражатын бөлүү маселеси карап чыгып Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Гавриловка айыл аймагында ваучер кызматын ала турган балдардын бир күндүк тамак-ашы үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 (жүз) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңештин бюджеттик-пландоо комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Б. Нааматов |