Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын 11 кезектеги сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 11/68
Гавриловка айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын курамын шайлоо жана бекитүү жөнүндө
Гавриловка айылдык кенешинин Регламентинин 29 пунктунун негизинде, Гавриловка айылдык кеңешинин төрагасынын жана орун басарынын кызмат ордуна жашыруун добуш берүү максатында эсептөө комиссиясынын курамын шайлоо жана бекитүү максатында, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айылдык кеңешинин төрагасынын жана орун басарынын кызмат ордуна жашыруун добуш берүү максатында эсептөө комиссиясынын курамы төмөнкү курамда бекитилсин:
-Эсептөө комиссиясынын төрагасы Алымкулова Айсалкын Шамбетовна;
-Эсептөө комиссиясынын катчысы Молдоканова Анара Михайловна;
-Эсептөө комиссиясынын мүчөсү Сагынбеков Султан Мелисбекович
Төрага | Ы.Б. Нааматов |