Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-июлу № 17
Айыл өкмөтүнө техника алуу жөнүндө
Курама айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” тарабынан лизингке кызматтык автоунаа “Шевролет-треккер” лизинг аркылуу алуу максатында, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курама айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” тарабынан лизингке кызматтык автоунаа “Шевролет-треккер” алынсын.
2. Алынган автоунааны лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингке алынган техникаларын өз эсебинен башка чыгашалардын акча каражаты каралсын.
3. Кызматтык автоунаанын төлөмдөрү 5 жыл аралыгында төлөө жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.
4. “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Атакеев Нурлан Зарылбековичке жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин өзүмө калтырам.
Төрага | Джумагулов А.К. |