Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-июлу № 18
Акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
“Орто-Арык айылындагы Инновациялык борбордун асфальт-бетон жөө жүрүүчү жолун куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 537 000 (беш жүз отуз жети миң) сомду жергиликтүү бюджеттен “ЖКХ” бөлүмүнөн 3111-тиркемедеги (имараттар жана курулуштар) статьядан Орто-Арык айылындагы Инновациялык борбордун асфальт-бетон жөө жүрүүчү жолун куруу менен байланышкан иштерди жүзөгө ашыруу үчүн бөлүштүрүлсүн. (билдирүү маалыматы №1).
2. Курама айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Н.З.Атакеев кошумча иштер боюнча келишим түзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Курама айыл өкмөтүнүн СЭӨ бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Джумагулов А.К. |