Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX чакырылыштын 8 кезексиз сессиясы
2025-жылдын 3-июну № 8/50/1
Гавриловка айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин Уставдарын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде; Гавриловка айыл аймагындагы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин Уставдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.У.Картанбаеванын маалыматын угуп, талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл аймагындагы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин Уставдарына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин;
2. Билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери Уставдарын мамлекеттик каттоо органдарына кайрадан өткөрүү милдеттерилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Д.У. Картанбаевага тапшырылсын.
Төрага | Ы.Б. Нааматов |