Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын 10 кезексиз сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 10/61
Гавриловка айыл аймагынын жергиликтүү Курултайды ѳткѳрүү жана уюштуруу жѳнүндѳ
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жѳнүндѳ” №270 Жарлыгын аткаруу максатында, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 1-ноябрында ишемби күнү Гавриловка айылындагы Т.Сатылганов атындагы мектеп-комплексинде Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын уюштурулсун;
2. Гавриловка айыл аймагы боюнча калктын санына жараша (калк-10675) жергиликтүү коомдоштуктун жыйынына 80 өкүл шайлансын;
3. Гавриловка айыл аймагынан жергиликтүү коомдоштуктун Курултайын уюштуруу жана ѳткѳрүү боюнча жумушчу топтун курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
4. Гавриловка айыл аймагынын жергиликтүү курултайынын делегаттарынын саны жана квотасы №2 тиркеме ылайык бекитилсин; (№2-тиркеме)
5. Гавриловка айыл аймагында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү 2025-жылдын 17-октябрынан 24-октябрга чейин белгиленсин; (№3 тиркемеге ылайык).
6. Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү 2025-жылдын 1-ноябры деп белгиленсин ( № 4 тиркемеге ылайык).
Эскертүү: тиркемелер кагаз түрүндө КР Юстиция министрлигинде сакталат.
7. Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл башчыларга, жана жумушчу топко Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы милдеттендирилсин;
8. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;
9. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | Ы.Б. Нааматов |