Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-июлу № 22/2
МИ “Курама-Суунун” экскаваторун оңдоо (ремонт) иштерине каражат бөлүү жөнүндө
МИ “Курама-Суунун” директору М.С.Тынаевдын маалыматын угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык, айылдын чарбалык ишмердигин камсыздоо жана айыл аймагындагы техникалык иштерди жүргүзүү максатында жайыт каражаттарынын эсебинен техникага ремонт жүргүзүү зарылчылыгына байланыштуу жана “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. МИ “Курама-Суунун” экскаваторун оңдоо (ремонттоо) ишине жайыт комитетинин бюджетинен 200 000 (эки жүз миң) сом бөлүнүшүнө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн каражаттын туура жана максаттуу колдонулушу боюнча жоопкерчилик МИ “Курама-Суу” директору М.С.Тынаевга жүктөлсүн.
3. Оңдоо иштерин ишканалар жана адистер тарабынан жүргүзүү, ошол эле учурда тийиштүү келишимдерди түзүү жана көзөмөлдөө милдети МИ “Курама- Суу” жетекчилигине жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Джумагулов А.К. |