Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-июлу № 01-7/45
Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине ылайык, Н.М.Апсаматованын ишенимдүү өкүлү Б.Ж.Раеванын арызынын негизинде Сокулук айылы Больничная көчөсү №6 дарегиндеги аянты 853,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын “Короо жай алдындагы жер тилкесинен” “Медициналык борбор куруу үчүн жер тилкесине” өзгөртүү боюнча жана Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2025-жылдын 13-майында берилген №26-25 архитектуралык-техникалык корутундусунун жана жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө сериясы Ч №915593 03.03.2020-ж. мамлекеттик актысынын негизинде Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айылынын Больничная көчөсү №6 дарегиндеги Н.М. Апсаматовага таандык Кардио борбордун багытын “Короо жай алдындагы жер тилкесинен” “Медициналык борбор куруу үчүн жер тилкесине” өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров ушул токтомдун негизинде буйрук чыгарсын.
3. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Сарбагышовага жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| С.Б. Бекмырзаев |