Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын “29” августу № 23
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондусунан балансына кабыл алуу тууралуу
Курама айыл өкмөтүнүн Курама айыл аймагына караштуу №967 контурдан 15.5 гектар сугат жер, №130 контурунан 15 гектар кайрак жер, №505 контурунан 1.9 гектар сугат жер, №542 контурунан 1.3 гектар жер, №507 контурунан 2.9 гектар сугат жер жана №306 контурунан 34 гектар сугат жерлер тууралуу маалыматты угуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Комитетинин Чуй облусу боюнча башкармалыгынын 2025-жылындагы 07-августундагы №02/5469 каты менен таанышып жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Панфилов филиалынын корутундуларынын негизинде Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы Курама айыл аймагындагы көрсөтүлгөн контурлардагы айыл чарба багытындагы жерлер Панфилов райондук ГАЗРдын корутундуларынын негизинде мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондусуна (ГФСУ) балансына өткөрүлсүн.
2. Ушул токтом ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоого киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курама айылдык кеңешинин алдындагы туруктуу жер комиссиясынын төрагасы Р.Р.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
Төрага | Джумагулов А.К. |