Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-июлу № 01-7/46
Айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө
Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Сарбагышованын Сокулук айылы Урожайная көчөсү №23г дарегинин жашоочусу Б.К.Сыдыкбаевге таандык, аянты 184,1 чарчы метр жер тилкеси Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айылынын Урожайная көчөсү №23г дарегинде жайгашкан жалпы аянты 184,1 чарчы метр жер тилкесин Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Д.Тулинова ушул токтомдун негизинде өткөрүп алуу иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.К.Сарбагышовага жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| С.Б. Бекмырзаев |