Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры № 26
IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Курама айыл өкмөтүнүн жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Курама айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. 2025-жылдын 1-ноябрында саат 14.00 дө IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Курама айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын жыйыны өткөрүлсүн.
2. Курама айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынынын катышуучуларынын саны 80 деп белгиленсин.
3. Курама айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына катышуучуларды шайлоо боюнча жарандардын чогулуштарынын графиги жана Курама айылдык кеңешинин жооптуу депутаттарынын тизмеси бекитилсин. (№1 тиркеме).
4. Курама айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына катышуучуларды шайлоо боюнча жарандардын чогулуштарынын графиги жана Курама айылдык кеңешинин жооптуу депутаттарынын тизмеси бекитилсин. (№2 тиркеме)
5. Курама айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына катышуучуларды тандоого Курама айыл тургундарын мобилизациялоо боюнча иштерди жүргүзүү Курама айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдук укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Курама айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Джумагулов А.К. |
| Курама айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы 10-чакырылыштын кезектүү 11-сессиянын №26-токтомуна №1 тиркеме |
Курама айылынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү чогулушун уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
1. Элдьдияр уулу Үрүстөм-Курама айылдык кеңештин депутаты, жумушчу топтун төрагасы.
2.А.К.Кенжегулова-Курама айылдык кеңештин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы.
3.Абдыбеков Фархат-Курама айылдык кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү.
4.Н.М.Ниязалиев-Курама айыл өкмөтүнүн Жайылма айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү.
5.Дж.Ж.Омурзаков-Курама айыл өкмөтүнүн Эфиронос айылынын айыл башчысы, жумушчу топтун мүчөсү.
6.Н.С.Тиллебалиев-Курама айылдык кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү.
7.Н.Б.Орозбеков-Курама айылдык кеңештин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү
| №2 тиркеме |
Курама айылынын жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынынын катышуучуларын тандоого Курама айыл аймагын участокторго бөлүштүрүү жана Курама айылдык кеңешинин депутаттарынын участоктор боюнча бекитилиши
Чогулуштардын датасы: 16.10.2025-ж. Саат 15:00 до
1.Участок
1.Орто-Арык айылы
Жооптуу депутаттар-Абдыбеков Фархат
Г.Д.Чилиева
Өткөрүү жери: Орто-Арык айылындагы инновациялык борбордун жанында
Чогулуштардын датасы: 20.10.2025-ж. Саат 15:00 до
2. Участок
2.Эфиронос айылы
Жооптуу депутат-М.А.Джаилова
Өткөрүү жери: Эфиронос айылы
Чогулуштардын датасы: 21.10.2025-ж. Саат 15:00 до
3.Участок
3.Жайылма айылы
Жооптуу депутаттар-А.О.Борубаева
А.Б.Жумабаев
Өткөрүү жери:Жайылма айылы А.Раимкулов мектеби
Чогулуштардын датасы: 22.10.2025-ж. Саат 15:00 до
4.Участок
4. Панфилов айылы (мкр Каптал-Арык)
Жооптуу депутаттар-Н.Б.Орозбеков
Н.С.Тиллебалиев
Эльдияр уулу Үрүстөм
Өткөрүү жери:Панфилов айылы, А.Осмонов атындагы маданият үйү (ДК)
Чогулуштардын датасы:23.10.2025 Саат 15:00 до
5.Участок
5.Панфилов айылы (мкр Партсьезд)
Жооптуу депутаттар-А.Д.Саткынбаева
Б.С.Чоконов
Өткөрүү жери:Панфилов айылы, (мкр Партсьезд)