Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 10 - сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 10/2
Элеттик аялдардын күнүн өткөрүү,ишкердүүлүктү
өнүктүрүү, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо
боюнча аткарылган иштер жөнүндө.
Жоош айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Г.Ормонованын“Элетик аялдардын күнүн өткөрүү,ишкердүүлүктү өнүктүрүү, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо” боюнча аткарылган иштер боюнча билдирүүсүн угуп жанаталкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII - чакырылыш кезектеги 10 - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси Г.Ормонованын “Элеттик аялдардын күнүн өткөрүү, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо” боюнча аткарылган иштер боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | А.Л.Зулпукаров |