Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры № 28
Панфилов айылындагы Ключевая көчөсүнө Туменбаева Жаныл Туменбаевнанын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Панфилов айылындагы Ключевая көчөсүнө Панфилов айылынын тургуну мамлекеттик ишмер, эмгек сиңирген инсан Жаныл Туменбаеванын эмгегин эске алуу менен анын ысымын ыйгаруу боюнча сунуш каралып, айылдык кеңештин депутаттарынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгында айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алуу менен Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин депутаттарынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Курама айыл аймагындагы Панфилов айылынын Ключевая көчөсүнө Жаныл Туменбаеванын ысымы ыйгарылсын.
2. Ушул токтомдун негизинде тиешелүү документтерди мамлекеттик каттоо органына жөнөтүү милдети Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Бейсембаевага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айылдык кеңешинин төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | Джумагулов А.К. |