Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры № 29
Курама айыл өкмөтүнүн жетекчинин катчысына эмгек акысына үстөк акы белгилөө жөнүндө
Курама айыл өкмөтүнүн жетекчисинин катчысы кызматкердин айлык акысына Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 4-пункту “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү болгондо, ошондой эле Курама айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджети чегинде каралган каражаттардын негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жетекчинин катчысы кызмат ордуна эмгек акыга кошумча түрүндө 7 000 (жети миң) сом өлчөмүндө ай сайын үстөк акы (тамак-аш жана жол кире үчүн) белгиленсин.
2. Бул кошумча акы айыл өкмөтүнүн эмгек акы фондунун жана бекитилген бюджеттин чегинде төлөнсүн.
3. Курама айыл өкмөтүнүн СЭӨ бөлүмү ушул токтомдун негизинде тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзүп, айлык акы менен кошо өз убагында төлөп берүүнү камсыз кылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Бейсембаевага милдеттендирилсин.
Төрага | Джумагулов А.К. |