Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX- чакырылыштын 7- (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 23-июлу № 7/2
Раимкулов Камчибек Амановичтин кой сарайы жана малчынын үйү жайгашкан жер тилкеси жөнүндө
Белек айылынын тургуну Раимкулов К.А. арызын жана айыл өкмөтүнүн юрист, коомдук коопсуздук боюнча башкы адиси Асанканов У.Э. сунушун угуп талкуулап, 2025-жылдын 23-июлундагы №7 протоколунун негизинде
З. КАЙНАЗАРОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Белек айылындагы Саз-Булак №283 контурунда жайгашкан кой сарайы жана малчынын үйү жайгашкан жер тилкеси 0,20 га Раимкулов К.А.га таандык деп таанылсын.
2. Айыл өкмөтү мамлекеттик органдарга кайрылуу үчүн К.А. Раимкуловдун наамына чечим чыгарып берсин.
3. Айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Намазалиев К.С. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте иш алып барсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. К. Жумашалиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |