Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
XXIX- чакырылыштын 7- (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 23-июлу № 7/4
Жердин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси К.С.Намазалиевдин З. Кайназарова атындагы айыл аймагынын Национальная айылында №119 контурунда жайгашкан 1.10га Достук МИна караштуу жайыт жердин багытын өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер багытына которуу жөнүндөгү маалыматын угуп, талкуулап, 2025-жылдын 23-июлундагы №7 протоколунун негизинде З. Кайназарова атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. З. Кайназарова атындагы айыл аймагына караштуу Национальная айылындагы №119 контурунда жайгашкан 1.10га Достук МИна караштуу жайыт жердин багытын Сокулук районунун жер участкасынын багытын которуу боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 10-июлундагы корутундусунун негизинде өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер багытына которулсун.
2. Айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Намазалиев К.С. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте иш алып барсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. К. Жумашалиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |