Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX- чакырылыштын 7- (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 23-июлу № 7/6
З. Кайназарова атындагы айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин Уставдарын өзгөртүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтү жана Первомайский айыл өкмөтү ирелештирилип, З. Кайназарова атындагы айыл аймагы деп аталганына байланыштуу, З. Кайназарова атындагы айыл аймагындагы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин Уставдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевдин маалыматын угуп, талкуулап З. Кайназарова атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. З. Кайназарова атындагы айыл аймагында билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин Уставдарына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери Уставдарын мамлекеттик каттоо органдарына кайта өткөзүүгө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге тапшырылсын.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |