Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX- чакырылыштын 7- (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 23-июлу № 7/7
Панфилов жалпы орто билим берүү мектебинин атын өзгөртүү жѳнүндѳ
Панфилов орто мектебинин директору Жунушалиева Айзада Төлөбердиевнанын сунушун карап чыгып, талкуулап З.Кайназарова атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. З. Кайназарова атындагы айыл аймагында “Панфилов жалпы орто билим берүү мектеби” мекемесинин аталышы “И.В. Панфилов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби” деп аталсын.
2. Мектептин атын өзгөртүү үчүн мамлекеттик мекемелер менен мыйзамдуу иш-чараларды алып баруу жагы мектеп директору Жунушалиева Айзада Төлөбердиевнага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жумашалиевге тапшырылсын
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |