Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
XXIX- чакырылыштын 8- (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 12-сентябры № 8/1
Тынчтык жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы Кыргыз Республикасында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскертүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө №54 Жарлыгынын жана 2024-жылдын 6-октябрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу үчүн, жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 3-сентябрындагы №20-9310 тапшырмасын аткаруу максатында, З. Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, З. Кайназарова атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык З. Кайназарова атындагы айыл аймагындагы жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголууга тийиш болгон объекттерге (жайларда) жана аймактарда төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы -чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбесин:
- жумуш күндөрү - саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
-дем алыш жана майрам күндөрү - саат 22:00дөн 09:00гө чейин;
2.3 Кайназарова айыл аймагынын жашоочулар арасында жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдардын талаптары жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3.3 Кайназарова атындагы айыл аймагында “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-февралындагы №54 Жарлыгынын талаптары аткарууга алынсын, ушул Мыйзамдын ченемдерин бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине каралган жоопкерчиликке алып келүүсү эске алынсын, Мыйзам бузуулар катталган учурда тийиштүү административдик чаралар көрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |