Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
XXIX- чакырылыштын 8- (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 12-сентябры № 8/4
«Маршруттук каттам жөнүндө»
“Шопоков-Унаа” МИнын директору У.Н.Шекимбаевдин сунуш пикирин угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 12-пунктуна ылайык, З. Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезектеги сессиясынын №8 чечиминин, З. Кайназарова айыл аймагынын тургундарын коомдук транспорт менен өз убагында жана сапаттуу камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Сокулук-Чат-Кель” маршруттук каттамын жүргүзүүгө макулдук берилсин, жол кире акысы “Сокулук - Чат-Кель”-35 сом, Тюзь-Сокулук-40 сом, Первомай-Сокулук -20 сом, айыл ичи -20 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтү жергиликтүү эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына мамлекеттик тилде каттоого жѳнѳтсүн.
4. Ушул токтумдун аткарылышын камсыздоо З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге жүктѳлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ ѳзүмѳ калтырам.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |