Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
XXIX- чакырылыштын 8- (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 12-сентябры № 8/6
«Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө»
Мусаева Гүлкайыр Мусаевнанын арызын окуп,талкуулап 2025-жылдын 9-сентябрындагы №5 жер комиссиясынын корутундусунун, жана З. Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезектеги сессиясынын №8 чечиминин жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чат-Кель айылынын Почтовая көчөсү 118в дарегинде жайгашкан мурунку “Ветеринардык аптека алдындагы жер тилкеси (вет.лечебница)” деп аталган жер тилкеси ЕНИ -7-08-21-1001-0115 250 кв.м максаттык багытын Дүкөн багытындагы жер тилкеси” деп өзгөртүлсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте иш алып барсын.
3. Токтомдун аткарылышы З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер боюнча комиссиянын төрагасы Н.Б. Картанбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |