З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
XXIX- чакырылыштын 8- (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 12-сентябры № 8/8
Жердин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси К.С. Намазалиевдин З. Кайназарова атындагы айыл аймагында Почтовая көчөсү н/ж жайгашкан жердин багытын өзгөртүп берүү боюнча маалыматын угуп жана талкулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин №14-беренесине ылайык, 9-сентябрындагы №5 жер комиссиясынын корутундусунун, жана З. Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезектеги сессиясынын №8 чечиминин негизинде З. Кайназарова атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. З. Кайназарова атындагы айыл аймагында Почтовая көчөсү н/ж дарегинде жайгашкан эски бала бакчанын багыты жалпы аянты -3547,06 кв.м. Мечит деп өзгөртүлсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте иш алып барсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. К. Жумашалиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |