Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
XXIX- чакырылыштын 8- (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 12-сентябры № 8/9
«З. Кайназарова айыл аймагына караштуу Чат-Кель айылында муниципалдык менчикте турган Футбол клубун ачуу жөнүндө»
З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын Чат-Кель айылында Муниципалдык менчикте турган Футбол клубун ачуу тууралуу ой-пикирлерди угуп Спорт, маданият жана жаштар комитети боюнча туруктуу комиссиясынын 3-сентябрындагы №1 корутундусунун жана З. Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин №8 чечиминин негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын Чат-Кель айылында муниципалдык менчикте турган Футбол клубун ачууга уруксат берилсин, футбол клубунун аты “Дружба” деп аталсын.
2. Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Футбол клубун ачуу тууралуу 2026-жылдын З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн бюджетинин чегинде смета киргизилсин.
4. Ачылыш аземине байланышкан баардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
5. Иш кагаздарын мыйзамдаштыруу жагы жумушчу топко милдеттендирилсин.
6. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасыннын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышы З.Кайназарова атындагы айыл өкмөт башчысы А.К. Жумашалиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |