Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
XXIX- чакырылыштын 9- (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 9/1
З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралары жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жѳнүндѳ” №270 Жарлыгын аткаруу максатында, З.Кайназарова атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 1-ноябрында ишемби күнү З.Кайназарова айыл аймагынын Чат-Кель айылындагы Маданият үйүндө Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын уюштурулсун;
2. З.Кайназарова атындагы айыл аймагы боюнча калктын санына жараша (калк- 10010 он миң он) өкүлчүлүктүү жыйынга 80 (сексен) өкүл шайлансын;
3. З.Кайназарова атындагы айыл аймагынан жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана ѳткѳрүү боюнча жумушчу топтун курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
4. З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын жергиликтүү курултайынын делегаттарынын саны жана квотасы аймактын бөлүктөрүндө №2-тиркемеге ылайык бекитилсин;
5. З.Кайназарова атындагы айыл аймагында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү 2025-жылдын 20-октябрьдан 21-октябрьга чейин графикке ылайык белгиленсин; (№3 тиркемеге ылайык).
6. Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү 2025-жылдын 1-ноябрь деп белгиленсин (№ 4 тиркемеге ылайык).
7. 2025-жылдын 24 - октябрына чейин өтүүчү айыл аймактарда бөлүнгөн бөлүктөрдө өткөрүлгөн жарандардын жыйынын өткөрүү жагы жумушчу топко милдеттендирилсин.
8. 2025-жылдын 28 - октябрына чейин өтүүчү айыл аймактарда бөлүнгөн бөлүктөрдө өткөрүлгөн жарандардын жыйындарынын протоколдорун жана өкүлдөрдүн тизмесин жалпылоо, жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
9. 2025-жылдын 30-октябрына чейин өтүүчү жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынынын катышуучуларынын тизмесин тактоо, сапаттык жана тармактык курамын жана күн тартибинин долбоорун даярдоо, Элдик Курултайдын делегаттарынын тизмелерин шайлоо тууралуу протоколдорду жана толтурулган анкеталарды Уюштуруу комитетине жөнөтүү жагы жумушчу тобуна милдеттендирилсин.
10. Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл башчыларга, жана жумушчу топко Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
11. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй облустук Юстиция башкармалыгына мамлекеттик тилде жѳнѳтүлсүн.
12. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |
|
| Тиркеме №1 БЕКИТИЛДИ З.Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрь №9/1 токтому менен Төрага Ибраимов Э.Б. __________________
|
З.Кайназаров атындагы айыл аймагынын жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы
№ | Жумушчу топтун төрагасы | |
1 | Ибраимов Эрнисбек Бакытбекович | Айылдык кеңештин төрагасы |
Жумушчу топтун катчысы | ||
2 | Кулматова Чолпон Сейиткуловна | Айылдык кеңештин жооптуу катчысы |
Жумушчу топтун мүчөлөрү | ||
3 | Джангазы уулу Расул | Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары |
4 | Картанбаев Нурдин Бейшенбаевич | Айылдык кеңештин депутаты |
5 | Шамбетова Панур Мисраиловна | Чат-Кель маданият үйүнүн жетекчиси |
6 | Насиров Эльман Мислимович | Айылдык кеңештин депутаты |
7 | Борончу уулу Ниязбек | Айылдык кеңештин депутаты |
8 | Биленко Оксана Владимировна | Айылдык кеңештин депутаты |
9 | Мусаев Эркин Каримович
| Айылдык кеңештин депутаты |
|
| Тиркеме №2 БЕКИТИЛДИ З.Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрь №9/1 токтому менен Төрага Ибраимов Э.Б. __________________
|
З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын жергиликтүү курултайынын делегаттарынын саны жана квотасы.
№ | Айылдардын (чөлкөмдүн) аталышы | Калкынын саны | Берилүүчү квотанын саны |
1 | Чат-Кель | 3869 | 30 |
2 | Первомайское
| 2361 | 20 |
3 | Тюзь
| 882 | 8 |
4 | Национальное
| 855 | 7 |
5 | Панфилов
| 341 | 3 |
6 | Белек
| 1702 | 12 |
Жалпысы: | 10 010 | 80 делегат | |
|
| Тиркеме №3 БЕКИТИЛДИ З.Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрь №9/1 токтому менен Төрага Ибраимов Э.Б. __________________
|
2025-жылдын 20-октябрынан 21-октябрьга чейин З.Кайназарова атындагы айыл аймагында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү ГРАФИГИ
№ | Айыл аймак | Чогулуш өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуруучулар |
1 | Чат-Кель | Маданият үйү | 20.10.2025-ж саат 10-00 | Айылдык кенештин депутаттары , курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, айыл башчылар |
2 |
Первомайское | Маданият үйү | 20.10.2025-ж саат 13-00 | Айылдык кенештин депутаттары , курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, айыл башчылар |
3 | Тюзь | Маданият үйү | 20.10.2025-ж саат 15-00 | Айылдык кенештин депутаттары , курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, айыл башчылар |
4 | Национальное | Маданият үйү | 21.12.2025-ж саат 10-00 | Айылдык кенештин депутаттары , курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, айыл башчылар |
5 | Панфилов | Линейная көчөсү | 21.10.2025-ж саат 11-30 | Айылдык кенештин депутаттары , курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, айыл башчылар |
6 | Белек | А. Куттубаев атындагы орто мектеби | 21.10.2025-ж саат 14-00 | Айылдык кенештин депутаттары , курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, айыл башчылар |