Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
XXIX- чакырылыштын 9- (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 9/3
«Кыргыз Дыйканчылык Илимий-Изилдөө Институтуна жер тилкесин өткөрүп берүү жөнүндө»
Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын 2-октябрь 2025-жылдын № 01-06/683 катын негиз катары карап чыгып, жана айыл өкмөтүнүн жер маселелер жана муниципалдык менчик боюнча башкы адиси К.С. Намазалиевдин сунуш пикирин угуп жана талкулап, З.Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин жер комиссиясынын 9-октябрь 2025-жылдын №6 протоколунун негизинде З. Кайназарова атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Дыйканчылык Илимий-Изилдөө Институтуна З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтү Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери (№70 контурда) жайгашкан 29,5 гектар сугат айдоо жер тилкесин өткөрүп берүүгө жана мөөнөтсүз пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн Жер маселелер жана муниципалдык менчик боюнча башкы адиси Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте иш алып барсын.
3. Токтомдун аткарылышы З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер боюнча комиссиянын төрагасы Н.Б. Картанбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |