Редакцияот 06.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы

 

2025-жылдын 6-февралы № 3/15

 

“Сугат суунун акысын бекитип берүү жөнүндө”

 

           

“Мөңгү-Суу” суу пайдалануучулар ассосиациясынын 2025-жылдын 5-февралындагы №1 сандуу катын угуп сугат суунун акыларынын тарифин бекитип берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:

1. “Мөңгү-Суу” суу пайдалануучулар ассосиациясынын Кара-Суу шаарынын аймагындагы сугат суунун акыларынын тарифи №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына жана “Мөңгү-Суу” суу пайдалануучулар ассосиациясына, көзөмөлдөө шаардык кенештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Ж.Т.Полотов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Суу шаардык кеңешинин

2025-жылдын 6-февралындагы

№3/15 сандуу токтомуна

тиркеме

 

№

Эгиндин аталышы

Төлөнүүчү сом Эркин-1, Коңурат айылдары үчүн

Төлөнүүчү сом

Тельман, Киров, Присавай Эркин-2 айылдарынын тарифи

1.      

Пахта

1600

1800

2.      

Тамеки

1400

1600

3.      

Күздүк буудай

1400

1600

4.      

Дандык жүгөрү

1600

1800

5.      

Жашылча

2000

2200

6.      

Картошка

2000

2200

7.      

Күн карама

1400

1600

8.      

Бак, (мөмөлүү)

2000

2200

9.      

Тыт, тал, терек

1400

1600

10.  

Бахча

2000

2200

11.  

Беде

1600

1800

12.  

Пияз

4000

4400

13.  

Шалы

5000

5400