Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын 7 кезектүү сессиясы
2025-жылдын 30-майы № 7/47
Айылдык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүңдө
Гавриловка айылдык кеңештин XXIX-чакырылыштын депутаты Алмарсбек уулу Нурмухаммед Гавриловка айылдык кеңештин сессияларына жүйөөлүү себептерсиз келбегендиги жөнүндө төрага Ы.Б.Нааматовдун маалыматын угуп талкуулап,“Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктуна жана Гавриловка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 13-декабрындагы №5 токтому менен бекитилген регламентине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ
XXIX-чакырылыштын депутаты Алмарсбек уулу Нурмухаммед Гавриловка айылдык кеңештин сессияларына катары менен алты жолу жүйөөлүү себептерсиз катышпаганына байланыштуу анын ыйгарым укуктарын токтотуу чечими кабыл алынсын.
1. Бул токтом аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
2. Аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жаңы депутатты дайындоо иш-чараларын жүргүзсүн.
Төрага | Ы.Б. Нааматов |