Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын9 кезектүү сессиясы
2025-жылдын 8-сентябры № 9/57
Жер участоктун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн Гавриловка айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, айыл чарба, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын Искендерова Бегимай Искендеровнага таандык Романовка айылындагы,Юбилейная көчөсүндөгү №2б дарегинде жайгашкан аянты 400,0 кв.м ЕНИ-7-08-06-1003-0976 “Короо жай алдындагы жер тилке ” максаттуу багытын “Конок үй алдындагы жер тилкеге” өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Искендерова Бекгимай Искендеровнага таандык Романовка айылындагы, Юбилейная көчөсүндөгү №2а дарегинде жайгашкан аянты 400,0 кв.м “Короо жай алдындагы жер тилкесинин” максаттуу багытын “Конок үй жер тилкесине” өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Искендерова Бегимай Искендеровна документтерин Сокулук райондук шаар курулушу, архитектура башкармалыгында жана КАДАСТР мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалында кайрадан каттоого милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, айыл чарба, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Т.Борбодоевге жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Б. Нааматов |