Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIII СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 10-сентябры № 81
Түнкү убакта коомдук тынчтыкты камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 «Тынчтык жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 чыгыш катын жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси М.Айдарбекованын түнкү убакта коомдук тынчтыкты камсыз кылуу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 5-сентябрындагы №9 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын мэриясына (Ж.Токторбаев) Ош шаарынын аймагындагы ресторандардын, банкет залдардын жана түнкү клубдардын ээлери менен Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамынын талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу милдеттендирилсин.
2. Төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбестиги белгиленсин:
- жумуш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
- дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 09:00гө чейин.
3.Ош шаардык ички иштер башкармалыгы аталган чектөөлөрдүн аткарылышына көзөмөл жүргүзсүн.
4.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияга (А.Тургунбаев) жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |