Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIV СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 25-сентябры № 94
Ош шаарындагы айрым географиялык объекттердин аталыштары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги обьекттерди атоо жана аталыштарын өзгөртүү боюнча атуулдардан, жамааттардан келип түшкөн кайрылууларды, арыздарды кароо боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 12-сентябрындагы №Пр 9/324, 15-сентябрындагы №Пр 9/325 протоколдорун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 26-августундагы №49, №50 чечимдерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүндөгү жаңы аллеяга Барпы Алыкуловдун ысымы ыйгарылсын.
2.Ош шаарынын М.Лермонтов көчөсүнүн аталышы өзгөртүлүп, Баки Ешмамбетовдун ысымы менен аталсын.
3. Объекттердин аталыштары жазылган көрнөктөрдү даярдоого жана орнотууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош башкармалыгына (К.Абдыкадыров), аларды даярдоо жана орнотуу Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (М.Казыбай уулу) милдеттендирилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош филиалына (А.Мокеев), Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына (Каныбек уулу А.) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү милдеттендирилсин.
5. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |