Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 221 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын (мындан ары - МТББ) ишинин тартибин аныктайт.
2. МТББ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
3. МТББ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, конституциялык мыйзамдарын, кодекстерин, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. МТББ мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш эсеби бар.
5. Толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы";
расмий тилде: "Главное управление информационных технологий Министерства внутренних дел Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "КР ИИМ МТББ";
расмий тилде: "ГУИТ МВД КР".
6. Юридикалык дареги: 720011, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 469.
7. МТББ өз ишин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бөлүмдөрү, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле белгиленген тартипте эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.
8. МТББнын иши мыйзамдуулук, адамдын укуктарын жана эркиндигин сактоо, илимий сунуштарды, оң тажрыйбаларды пайдалануу, маселелерди чечүүдө жеке башчылыкты жана коллегиялуулукту айкалыштыруу, кызматкерлердин милдеттерин бөлүштүрүү жана ар биринин тапшырылган участогундагы иштердин абалына болгон жеке жоопкерчилик принциптеринде түзүлөт.
9. МТББнын колдонуусу чектелген маалыматтарды пайдалануу менен байланышкан иш кагаздарын жүргүзүүсү жана иш-чаралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Министрликтин ведомстволук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
2-глава. МТББнын максаттары
10. МТББнын негизги максаты ички иштер органдарын санариптик трансформациялоону камсыз кылуу жана заманбап технологияларды киргизүү, киберкоопсуздукту чыңдоо, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу аркылуу алардын натыйжалуулугун арттыруу, ошондой эле аналитикалык иште, ыкчам-издөө ишин колдоодо, кылмыштарды иликтөөдө жана ачууда пайдалануу максатында ыкчам-маалымдама жана издөөнү эсепке алууну, атайын эсепке алууну жана кылмыш иштери боюнча архивдерди уюштуруу жана өнүктүрүү болуп саналат.
3-глава. МТББнын негизги милдеттери
11. МТББга төмөнкү милдеттер жүктөлөт:
1) ички иштер органдарынын маалыматтык эсепке алуусун жана маалыматтар базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу, маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды, ведомстволук сырткы видеобайкоо системасын, байланыш системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү, ошондой эле ички иштер органдарынын ишинде маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу;
2) МТББнын компетенциясынын чегинде жеке жана юридикалык жактарды, ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн, мамлекеттик бийлик органдарын, укук коргоо органдарын, анын ичинде чет мамлекеттерди белгиленген тартипте маалыматтык камсыздоону жүзөгө ашыруу;
3) МТББнын компетенциясына кирген маселелер боюнча иштерди координациялоо жана ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн ишине белгиленген тартипте контролдоону жүзөгө ашыруу, кызматтык ишти андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
4) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына кылмыштарды иликтөөдө жана ачууда көмөк көрсөтүү максатында ведомстволук санариптик технологиялык системаларды, санариптик ресурстарды жана адистештирилген программалык камсыздоону колдонуу менен ыкчам маалыматтарга талдоо жүргүзүү;
5) ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн ортосунда өз ара аракеттенүү үчүн корголгон телекоммуникациялык тарамдарын жана системаларын уюштуруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана укук коргоо органдары менен телекоммуникациялык тарамдарынын корголгон каналдары аркылуу маалымат алмашууну камсыз кылган ведомстволук санариптик мультисервистик тарамды түзүү.