Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-июлу № 01-7/51
Сары-Өзөн айыл аймагынын 1-Май айылында жайгашкан мал базардагы соода жайларынын ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
“Таза-Айыл” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Чомоковдун 2025-жылдын 14-июлунда №01-04/40 кайрылуусунун негизинде, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин көбөйтүү максатында, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сары-Өзөн айыл аймагынын 1-Май айылында жайгашкан мал базардын аймагындагы соода жайлары үчүн бир метр жер участогунун бир айлык ижара акысы 120 (жүз жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүүдө жана башка жер маселелери боюнча комиссиянын төрагасына жана “Таза Айыл” муниципалдык ишканасынын директоруна жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| С.Б. Бекмырзаев |