Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-июлу № 01-7/52
Жер участогун «жайыттар» категориясынан «транспорт, байланыш, энергетика, өнөр жай, коргоо жана башка багыттагы жерлерине» которуу жөнүндө
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн “Таза Айыл” муниципалдык ишканасынын директору Ж.С.Чомоковдун “Петро-Ресурс” ЖЧКсынын башкы директору А.А.Маматовдун №1290-контурунун 15800,8 чарчы метр жер тилкесин “Жайыттар” жеринен “Транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлерге” которуу (трансформациялоо) жөнүндө арызы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, инвестицияларды тартуу жана жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу максатында Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагынын темир жолдун үстүндө жайгашкан №1290-контурунун жалпы аянты 15800,8 чарчы метр жер участогунун категориясын “жайыт” категориясынан “транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлерге” которууга макулдук берилсин.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө бул жерлерди “жайыттар” категориясынан “транспорт, байланыш, энергетика, коргоо, өнөр жайы жана башка багыттагы жерлерге” которуу боюнча Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына өтүнүч кат берүү жана бул токтомду аткаруу боюнча бардык зарыл иш-чараларды жүргүзүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
| С.Б. Бекмырзаев |