Загрузка документа…
ТӨМӨНКҮ-ЧҮЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I- чыгарышлыштын 13-кезектүү сессиясы
2026-жылдын 3-февралы № 3
Төмөнкү-Чүй айыл аймагынын 2026-жылга бюджетин, 2026-жылга
социалдык-экономикалык өнүгүү планын, 2027-2028-жылдарга
кирешелер боюнча долбоорду бекитүү, 01.01.2026-жылга чыгашалардан
ашыкча кирешелерди бөлүштүрүү жана бекитүү (эркин аркылуу),
берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн
Республикалык бюджетинен максаттуу трансферттерди бөлүштүрүү
жөнүндө
Төмөнкү-Чүй йылдык кеңешинин 2026-жылга бюджеттик комиссиянын төрагасын жана мүчөлөрүн, сунушталган бюджетин карап чыгып:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү-Чүй айылдык өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 23953,1 миң сом бекитилсин 1-тиркеме ылайык: теңдөө гранттарын эске алуу менен -1947,4 миң сом.
2. Төмөнкү-Чүй айылдык өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 23953,1 миң сом 2-тиркемеге ылайык бекитилсин .
3.2027-2028 – жылдарга кирешелер долбоору теңдөөчү гранттарды эске алуу менен 3-тиркемеге ылайык 2027-жылга-25988,3 миң сом; 2028-жылга-28213,3 миң.сом
4. 2026-жылга карата бюджеттин чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Социалдык фондго чегерүүлөр, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) каралсын.
5. 2025-жылы айрым топтор боюнча жетишсиз каржыланган жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын 2026-жылдын бюджетинде каралган ассигнованиелердин эсебинен жана чектеринде компенсация каралсын.
Мында эмгек акыга кеткен чыгымдар жана Социалдык фондго чегерүүлөр биринчи кезектеги тартипте компенсацияланууга тийиш.
6. 50.0 миң сом суммасында жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча бекитилсин.
7. Тиркемеге ылайык айыл өкмөттун аппаратынын жана китепканалардын-3, клуб-1) 2026-жылга штаттык бирдик бекитилсин.
8. Жылдык планды ашыгы менен аткаруу учурунда кирише бөлүккөтүшкөн акча каражаты Төмөңкү-Чүй айылдык аймагындагы социалдык инфраструктурасын, социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларын жакшыртууга багытталаары белгиленсин.
9. Тиркемеге ылайык 2026-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы бекитилсин.
10. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине дарыланууга 2 айлык эмгек акынын өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүү бекитилсин.
11. 01.01.2026-жылга карата чыгашалардан (эркин калдыктан) ашкан кирешелерди (эркин калдыкты) жергиликтүү бюджет боюнча 4147,3 миң сом, атайын эсеп боюнча 10,7 миң сом тастыктасын жана 4-тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
12. Республикалык бюджеттен алынган бардык каражаттар-максаттуу трансферттер төмөнкүдөй арналышы боюнча пайдаланылсын: берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн: "Статистика" жана ГУ “Кызмат” боюнча адисти финансылык камсыздоого 70111 бөлүмүнө 2111-"Эмгек акы, 2121-" Социалдык фондго чегерүүлөр", 2211 "иш сапарларына чыгымдар, 2222-"байланыш кызматтары", 2222-"Учурдагы чарбалык максаттар үчүн материалдарды сатып алуу"бөлүмүнө багыттасын.
13. Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн башчысына иштин зарылчыгына байланыштуу атайын каражаттан жана бюджеттик эсептен бир бөлүмдүн ичинде бир эсеп-чоттон-экинчи эсеп-чотко которууга мыйзам чегинде уруксат берилсин.
2026-жылдын 24-мартында https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/03/3-1.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Ж .Ш. Азизов |