Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-июлу № 01-7/54
Республикалык бюджеттен түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө
2022-жылдын 8-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №201 токтомун аткаруу максатында «Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө», ошондой эле 2016-жылдын 16-майындагы №60 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 55-беренесине ылайык, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагынын “Татынакай” бала бакчасы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбооруна катышып жаткандыгына байланыштуу республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке түшкөн акча каражаттарын мектепке чейинки “Татынакай” мекемесинин имаратын оңдоого багытталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө пландык-бюджеттик комиссияга жана СЭӨ бөлүмүнүн башчысы Г.Тулиновага жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| С.Б. Бекмырзаев |