Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-июлу № 01-7/54а
Айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаа алуу жөнүндө
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому тарабынан “Шевролет-Треккер” кызматтык автоунаасын лизинг аркылуу сатып алуу максатында, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому тарабынан “Шевролет-Треккер” кызматтык автоунаасы лизингге алынсын.
2. Алынган автоунааны лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингге алынган техниканын өз эсебинен башка чыгымдарына акча каражаты каралсын.
3. Кызматтык автоунаанын төлөмдөрү 5 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.
4. “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу айыл өкмөтүнүн башчысы Бектемиров Таалайбек Эрмековичке жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сары-Өзөн айылдык кеңешинин бюджеттик пландоо, экономика, фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссияна жана айыл өкмөтунун жетекчилигине тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
| С.Б. Бекмырзаев |