Загрузка документа…
ТӨМӨНКҮ-ЧҮЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I- чыгарышлыштын 14-кезектүү сессиясы
2026-жылдын 12-февралы № 11
Мечит куруу үчүн жер тилкеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына 34-беренесине ылайык, депутаттардын сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мечит куруу үчүн жалпы аянты 5780.0 м2 болгон жер тилкесин муниципалдык менчиктин балансына кабыл алынсын, дареги Северный айылы Заводская көчөсү № 16;
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы муниципалдык менчиктин мамлекеттик актысын алуу үчүн тиешелүү документтерди даярдасын;
3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй облустук Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.
2026-жылдын 24-мартында https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/03/11-1.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Ж.Ш.Азизов |