Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-марты № 09
Кара-Балта шаарынын 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, “Кара-Балта шаарынын 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө” Кара-Балта шаарынын мэриясынын отчетун угуп, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Балта шаарынын 2025-жылдагы бюджетин аткаруу боюнча Кара-Балта шаардык мэриясынын иши канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Кара-Балта шаарынын мэри-А.К. Исаков,:
- Кара-Балта шаарынын 2025-жылдагы бюджетинин канааттандырарлык эмес аткарылышы үчүн Кара-Балта шаарынын мэриясынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин жеке жоопкерчилиги каралсын.
- Кара-Балта шаарынын мэриясынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин сапаттуу жана өз убагында аткарууну камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
- көрүлгөн чаралар жөнүндө бир айлык мөөнөттө Кара-Балта шаардык кеңешине маалымдалсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлүн өзүмө калтырам.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |