Загрузка документа…
ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 16-июну № 34
Прогресс айылынын Маргеис-Ата көчөсүндөгү өндүрүш базасынын жер тилкесин Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18- беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып Онбир-Жылга Айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн аймагындагы Прогресс айылынын тургуну Клычпаев Жумабек Омуркуловичке 2003-жылдын 15-июлундагы №37-т токтомунун негизинде берилген, Прогресс айылынын Маргеис-Ата көчөсүндө жайгашкан эски өндүрүштүк базаны жеке менчик катарында колдонуп жүргөн 11544м2 жер тилкесин ОсОО «Токтом плюс» жоопкерчилиги чектелген коомчулугу тарабынан баланстык баасы 20883096 (жыйырма миллион сегиз жүз сексен үч миң токсон алты) сом, жана АКШ доллары менен 238800 $ ( эки жүз отуз сегиз миң сегиз жүз ) долларды түзгөн гаражды өз каалоосу менен арызынын негизинде Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин.
2.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция башкармалыгынан катоодон өткөрүлсүн
3.Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы - Н.А.Исаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.К. Анарбаев |