Загрузка документа…
ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 12-июну № 35
Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн административдик имаратында жайгашкан №7042 участкалык шайлоо комиссиясын которуу жөнүндө
Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү Айылдык Кеңеши Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн административдик имаратында жайгашкан №7042 участкалык шайлоо комиссиясын административдин реформанын негизинде аппарат кызматкерлеринин штаттык саны, жана жергиликтүү депутаттардын санынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу кабинеттер жетишпей тар болгондугунан улам которуу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып Онбир-Жылга Айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн Шамшы айылынын Калык Чолжиев көчөсүнүн №21 дарегинде жайгашкан Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн административдик имаратындагы №7042 участкалык шайлоо комиссиясы, Шамшы айылындагы Школьная №1 дарегинде жайгашкан Рысменде уулу Акмат атындагы орто мектебинин имаратына которулсун.
2. Токтом Чүй-Бишкек аралык Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун көчүрмөсү Чүй аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы - Н.А.Исаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.К. Анарбаев |