Загрузка документа…
ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 12-июну № 36
Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн Маданият айылынын Байдылда Маленов атындагы орто мектебинде жайгашкан №7083 участкалык шайлоо комиссиясын Маданият айылдык клубуна которуу жөнүндө
Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү Айылдык Кеңеши Б.Маленов атындагы орто мектептин имаратында жайгашкан №7083 участкалык шайлоо комиссиясын, мектеп имараты тар болгондугуна байланыштуу, жана жергиликтүү элдин сунушу менен, которуу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып Онбир-Жылга Айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн Маданият айылынын Байдылда Маленов көчөсүнүн №6 дарегиндеги Байдылда Маленов орто мектебинин имаратындагы №7083 участкалык шайлоо комиссиясын, Мукаш-ата №22 дарегинде жайгашкан Маданият айылдык клубуна которулсун.
2.Токтом Чүй-Бишкек аралык Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун көчүрмөсү Чүй аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы - Н.А.Исаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.К.Анарбаев |