Загрузка документа…
ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 12-июну № 38/1
Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн Шамшы айылына китепкана жана почта имаратын салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү Айылдык Кеңешинин I чакырылышынын VII сессиясынын отурумунда, Шамшы айылдык китепкана башчысынын кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинин 4 пунктуна ылайык, жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” №123 Мыйзамынын №34 беренесине ылайык Онбир-Жылга Айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн Шамшы айылындагы административдик имаратынын күн чыгыш тарабынан 0,20 га жер тилкеси (номери жок) китепкана жана почта салуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Д.Кыдыралиевге жана айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитеттине жүктөлсүн.
3. Токтом Чүй-Бишкек аралык Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
4.Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы - Н.А. Исаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.К. Анарбаев |