Загрузка документа…
ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 47/1
Онбир-Жылга айылдык кеңешинин
I чакырылышынын VIII кезектеги сессиясы
Газ бөлүштүрүүчү шайманды орнотууга жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 82-83 - 27-21-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, “Газпром Кыргызстан” ЖЧК сынын кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып Онбир-Жылга айылдык кеңеши төмөндөгүдөй;
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Онбир-Жылга айыл аймагынын Кайырма айылынын Иманбеков Сыдык көчөсүнүн номуру жок дарегинен газ бөлүштүрүүчү шайман орнотууга жалпы аянты 9м2 (чарчы метр) болгон жер тилкеси мөөнөтсүз пайдаланууга бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер тилкесин пайдалануу максаты коомдук газ бөлүштүрүүчү пунктту орнотуу жана калкты газ менен камсыз кылуу болуп эсептелсин.
3.Бул токтомдун негизинде тиешелүү техникалык документтерди даярдоо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү милдети айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Д.К.Кыдыралиевге жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Исаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.К. Анарбаев |